Education (proper noun)
An app category that facilitates user education.
пед. Системалуу илимий билимдерди берүү жана алуу процесси.
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖҮРҮМҮ – мугалимдердин түздөнтүз катышуусу менен өтүүчү жана окуучулардын өзалдынча окуусу сындуу сабактар, ошондой эле окуучулар менен бүтүрүүчүлөрдү сынак ж. б. аттестациянын түрлөрү аркылуу тарбиялоо менен окутуунун уюштурулган жүрүмү. Ал билим программалары Б. б. ж. аркылуу жүзөгө ашырылат.
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖҮРҮМҮНҮН КАТЫШУУЧУЛАРЫ – окуучулар (тарбиялануучулар), мугалимдер, билим берүү уюмунун окутуу-жардамдашуу жана башкаруу кызматкерлери, окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөр).
БИЛИМ БЕРҮҮ, ИЛИМ ЖАНА МАДАНИЯТ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ (ЮНЕСКО) – өкмөттөр аралык уюм, БУУнун адистештирилген мекемеси. 1946-жылы негизделген. ЮНЕСКОнун максаттары: билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы эларалык кызматташтыкты колдоо аркылуу тынчтык жана коопсуздук ишине салым кошуу; БУУнун Уставына ылайык расасына, жынысына, тилине жана динине карабастан адамдын укуктарын жана негизги эркиндиктерин, мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу. 2005-жылы 188 мамлекет ЮНЕСКОнун мүчөсү болушкан. КР ЮНЕСКОнун курамына 1992-жылдын 2-июнунда кирген.
Организация объединенных наций по вопросам образования, науки и культуры (юнеско)
БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ТҮПКҮ МАКСАТЫ (билим берүүнү өркүндөтүүнүн түпкү максаты) – бирдиктүү социалдык институт катары билим берүү тутумун өркүндөтүүнүн багыты менен туткан максаты.
БИЛИМ БЕРҮҮ ТУТУМУ – өзара аракеттенишүүчү жана бири-бирин улоочу билим берүү программаларынын жана аркыл деңгээлдеги жана багыттагы мамлекеттик билим берүү стандарттарынын, аларды жүзөгө ашыруучу билим берүү уюмдарынын жана жактардын, ошондой эле билим берүү тармагын, ага кирген мекеме, уюм, ишканалардын башкаруу органдарынын жыйындысы.
educational (proper noun)
A game category that facilitates player education.
educator (noun)
A person who is responsible for teaching a class.